Whirlpool WFC 3C23 PF Manual Del Usuario página 19

Tabla de contenido

Publicidad

Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 6
пластмасса каптаманы сууга
салбаныз.
Эгерде, шлангдар өтө узун эмес
болсо, анда жергиликтүү дилер
сатуучуңуз менен
байланышыңыз.
Ички жана агызуу түтүктөрүнүн
ийилген жерлери жок экендигин
жана сынбаганын текшериңиз.
Шайманды биринчи жолу
колдонуудан мурда, суу кирүүчү
тешиктен жана агызуу түтүгүнөн
суу акпагандыгын текшериңиз.
Колдонуп жатканда, машинанын
арткы дубалын дубалга же
эмерек тактасына тийбегендей
аралыкта кармоо керек.
Шайманды орнотуудан мурун,
анын төрт бутун талап
кылынгандай кылып жөндөө
менен полго тегиз жана туруктуу
коюлганын текшерип,
шаймандын спирттик денгээл
ченөөчү аспапты колдонуу
менен тиешелүү түрдө
жайгаштырылганын текшериңиз.
Эгерде, шайманды капталкы
панелин жеткиликтүү кылып,
элементтердин катарынын
аягына орнотуп жатсаңыз, анда
сынуу тобокелдигин алдын алуу
үчүн илмек тарабы жабылышы
керек.
Желдеткич тешиги түбүндө
болгон идиш жуугуч
машиналардын, тешиктери
килем менен тосулуп калбашы
керек.
ЭЛЕКТРОТЕХНИКАЛЫК
ЭСКЕРТҮҮЛӨР
Жергиликтүү коопсуздук
эрежелерин сактоо үчүн орнотуу
учурунда жок дегенде 3 мм
кенемте байланыштуу
омниполярдык которуу талап
кылынат жана шайман жерге
орнотулушу керек.
Эгерде электр кабелине зыян
келтирилген болсо, аны так
ѳзүнѳ окшош кабелине
алмаштырыш керек. Ѳндүрүү
нускамасына жана күндѳлүк
коопсуздук эрежелерине ылайык
электр кабели тажрыйбалуу
техник тарабынан гана
алмаштырылышы керек.
Ыйгарым укуктуу тейлөө
борбору менен байланышыңыз.
Эгерде сиздин розетка штепсель
вилкасына туура келбесе,
тажрыйбалуу техникке
кайрылыӊыз.
Ток өткөрүү кабели, негизги
электр тогун камсыздоо түтүгү,
корпусуна төшөлгөндөн кийин,
шайманга туташтырууга
жеткидей узун болушу керек. Ток
өткөрүү кабелин тартпаңыз.
Узарткыч кабелин, тармак
чыгаруу вилкаларын же
адаптерлерди колдонбоӊуз.
Эгерде желе шнуруна же
вилкасына зыян келтирилсе,
туура иштебесе, же шайманга
зыян келтирилсе же түшүп кетсе,
шайманды иштетпеӊиз. Шнурун
ысык беттерден алыс кармаӊыз.
Электрдик түзүүчүлѳр
орнотулгандан кийин
колдонуучуларга жеткиликтүү
болбошу зарыл. Шайманга
дененин бардык суу бѳлүгү
менен тийбеңиз жана
жылаӊайлак болсоӊуз
иштетпеӊиз.
ТУУРА КОЛДОНУУ
Идиш жуугуч машинадагы суу
ичүүгө жарамдуу эмес.
Кишилик топтомдун
максималдык саны товардын
техникалык шарттарын
көрсөтүүчү документте
көрсөтүлгөн.
Эшик ачык абалда калганда,
чалынып кетүү коркунучу пайда
болот, андыктан аны ачык
калтырбоо керек.
Идиш жуугуч машинанын
ачылган эшиги, идиш жүктөлгөн
текченин тартылгандагы гана
салмагын көтөрө алат.
Эшигине ар кандай нерселерди
жөлөбөңүз жана үстүнө
отурбаңыз же чыкпаңыз.
Идиш жуугуч машинага арналган
жуучу жана чайкоочу
каражаттарын гана колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: Идиш жуугуч
машинасынын жуучу
каражаттары өтө шакардуу.
Алар жутуп алынган учурда, өтө
кооптуу болушу мүмкүн. Бул
каражатты колдонуп жатканда,
көздү жана колдун терилерине
тийгизбеңиз жана эшиги ачык
турганда, балдарды узак
кармаңыз.
Ар бир айланган айлампа сайын
атайын жуучу каражат
салынуучу бөлүштүргүчтү
текшерип туруңуз.
Жуучу, чайкоочу каражаттарды
жана тузду балдар жетпей
турган жерге коюңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: Бычактарды жана
башка учтары курч идиш-
аяктарды учтарын төмөн
каратып, же кутуга туурасынан
салуу керек.
Суу камсыздоо краны өчүрүлүшү
керек жана cайгыч ар бир
айлампанын аягында жана
шайманды тазалоодон же оңдоо
ишин жүргүзүүдөн мурда
электрдик розеткадан суурулушу
керек.
Кандай болбосун бузулуулар
пайда болгондо да, идиш жуугуч
машинасын ажыратыңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРМОО
Буу менен тазалоо
шаймандарын эч качан
колдонбоӊуз.
Тазалоо жана кармоого коргой
турган колкапты кийиӊиз.
Кармоо иштерин жүргүзгѳнгѳ
чейин шайман электр тогунан
ажыратылышы зарыл.
KY
19

Publicidad

Tabla de contenido
loading

Tabla de contenido