Descargar Imprimir esta página

Metabo ASC 55 Manual Original página 55

Ocultar thumbs Ver también para ASC 55:

Publicidad

Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 19
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу
декларация
Биз, баарына жооптуу болуу менен: Бул жерде
тиби жана сериялык номуру *1) менен
аныкталган бул дүрмөттөгүчтөр бардык
тиешелүү регламенттердин *2) жана
стандарттардын *3) талаптарына жооп берет
деп билдиребиз. *4) Техникалык файлды – 3-
беттен карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Заряд берүүчү каражат оригиналдуу Metabo
жана CAS (Cordless Alliance System)
аккумулятор батареяларын кубаттоого
ылайыктуу.
Бул курал физикалык, сенсордук же менталдык
кемтиктери бар же тажрыйбасы жана/же
билими жетишсиз эл тарабынан, алардын
коопсуздугу үчүн жооптуу киши карап турбаса
же алар куралды кандай колдонуу керектиги
боюнча нускама албаса, колдонууга арналган
эмес.
ASC 290 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 36
В, 1,3 А/с – 10 А/с, 3 - 10 уячалар). Аппарат USB-
C интерфейси бар (смартфондор, MP3-
плеерлер, планшеттер ж.б. сыяктуу) электр
түзүлүштөрүн кубаттоого ылайыктуу –
маалымат алмашуусу жок.
ASC 145 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 36
В, 1,3 А/с – 10 А/с,
3-10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.
ASC 55 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 36 В,
1,3 А/с – 10 А/с,
3-10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.
ASC 55 түзмөгү NiCd батареяларын (12 В, 1,7 А/
с, 10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.
SC 30 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 18 В,
1,3 А/с – 10 А/с,
3-10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.
Кайра дүрмөттөгөнгө жарабаган
батареяларды эч качан дүрмөттөгөнгө
аракет кылбаңыз. Жарылып кетиши
мүмкүн!
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип
чыккан зыян үчүн талап кылуучу өзү
жоопкерчилик тартат.
Кырсыктарга жол бербөөнүн жалпы кабыл
алынган эрежелери жана ага кошумча
коопсуздук нускамаларын аткарыш керек.
3. Техникалык коопсуздуктун
жалпы эрежелери
КӨҢҮЛ БУРГУЛА –
Иштетүү нускамаларын
окусаңыз, жаракат алуу
тобокели азаят.
ЭСКЕРТҮҮ Коопсуздук
жана иштетүү боюнча
бардык нускамаларды окуп
чыгыңыз. Коопсуздук жана
иштетүү боюнча нускамалар
аткарылбаса, электр тогунан
сокку алынышы, өрт чыгышы
жана/же оор жаракат алынышы
мүмкүн.
Андан ары колдонуу үчүн
бардык алдын ала
берилгендерди жана
нускамаларды сактап
койгула.
Дүрмөттөгүчтү
колдонордон мурда
ичиндеги коопсуздук
маалыматын жана Иштетүү
нускамаларынын баарын кунт
коюп окуп чыгып, жакшылап
билип алыңыз. Ичиндеги
документтердин баарын кийин
караганга калтырып,
дүрмөттөгүчтү алар менен кошо
гана өткөрүп бериңиз.
4. Техникалык коопсуздук
боюнча өзгөчө эрежелер
Өзүңүздүн сактыгыңыз
үчүн жана электр
инструментиңиздин
сактыгы үчүн деп белги коюлган
жерлерге көңүл буруңуз!
Сак болуңуз – электр
чыңалуусу бийик!
Жакшы иштебеген Li-Ion
аккумулятору бат күйүп
кетүүчү суюктуктун агып
кетишине алып келет!
КЫРГЫЗСЧА ky
55

Publicidad

loading

Este manual también es adecuado para:

Asc 145Asc 290Sc 30