Metabo W 750-100 Manual Original página 143

Ocultar thumbs Ver también para W 750-100:
Tabla de contenido

Publicidad

Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 46
7. Жылмалоочу дискти орнотуу
Кайра жабдуу иштеринин алдында:
кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуу
зарыл. Станокту өчүрүп, шпинделди токтотуу
керек.
Коопсуздукту камсыздоо максатында,
кесүүчү жээктин калканын колдонуу
сунушталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11.
караңыз).
7.1
Шпинделди бөгөттөө
- Шпинделди (4) бөгөттөө баскычын басып,
шпинделди (3) бөгөттөө баскычы ордуна
келмейинче шпинделди кол менен
айлантыңыз.
7.2
Жылмалоочу дискти орнотуу
2-бет, A сүрөтүн караңыз.
- Тирөөчү (2) фланецти шпинделге орнотуңуз.
Фланец шпинделде айланбаса, туура
орнотулду деп эсептелет.
Төмөнкү үчүн гана: W ... -100: тирөөчү
фланецти шпинделге эки штифттүү ачкыч
менен кичинекей томпок (диаметри 16 мм)
өйдө карагыдай кылып бураңыз.
- Жылмалоочу дискти тирөөчү (2) фланецке
орнотуңуз. Жылмалоочу тегерек тирөөчү
фланецке тегиз отурушу керек.
7.3
M-Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/
бошотуу (комплектациясына жараша)
M-Quick кыпчытма гайкасын (1) бекитүү:
WQ1100-125, WEQ 1400-125 үчүн гана.
Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы
7,1 мм ден калың болсо, М-Quick кыпчытма
гайкасын колдонууга болбойт! Мындай учурда
эки бетитме көзөнөктүү кыпчытма гайканы (12)
эки көзөнөккө салынма ачкыч менен (13)
колдонуңуз
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
- М-Quick кыпчытма гайкасын (1) 2 мүйүзчө 2
оюкка киргидей кылып шпинделге (3)
орнотуңуз. Сүрөттү караңыз, 2-бетте.
- М-Quick кыпчытма гайкасын саат жебеси
боюнча кол менен бекитиңиз.
- Жылмалоочу тегеректи күч менен саат жебеси
боюнча айлантуу аркылуу М-Quick гайкасын
бекитиңиз.
M-Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу:
М-Quick кыпчытма гайкасы (1) орнотулган
учурда гана шпинделди шпинделдил
стопор баскычы (4) менен токтотууга уруксат
берилет!
- Өчүргөндөн кийин шайман инерция боюнча
кыймылдай берет.
Коргоочу капоттон
кеминде 3,4 мм чыгып
турган иш шаймандарын
гана колдонуу керек.
- Жылмалоочу тегерек толук токтогучу
шпинделдин стопор баскычын (4) кыскача
басып коюңуз. M-Quick кыпчытма гайкасы (1)
чечилет.
7.4
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы
бекитүү/бошотуу (комплектациясына
жараша)
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (12)
бекитүү:
Эки бекитме көзөнөктүү гайканын 2 бети бири-
биринен айырмаланат. Эки бекитме көзөнөктүү
гайканы шпинделге төмөнкүдөй кылып бураңыз:
2-бет, B сүрөтүн караңыз.
- X) Жука жылмалоочу тегеректер үчүн:
Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (12)
өйдө карап тургандыктан, жука жылмалоочу
тегеректи бекем орнотууга болот.
Y) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн:
Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (12)
төмөн карап тургандыктан, гайканы
шпинделге бекем орнотууга болот.
Z) Төмөнкү үчүн гана: W ... -100:
Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу
төмөн карап, түз бети өйдө карап турат.
- Шпинделди бөгөттөңүз. Эки бекитме
көзөнөктүү гайканы (12) саат жебеси боюнча
(13) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен
бекитиңиз.
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бошотуу:
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (12) саат
жебесине каршы (13) эки көзөнөккө салынма
ачкыч менен бурап чечиңиз.
7.5
Кыпчытма гайканы (ачкычсыз)
бекитүү/бошотуу
(комплектацияга жараша)
Кыпчытма гайканы (14) (шаймансыз) кол
менен гана бекитиңиз!
Иштөө үчүн скоба (15) ар дайым кыпчытма
гайкага (1) тегиздиги боюнча отургузулушу
керек.
Кыпчытма гайканы (шаймансыз) (14) бекитиңиз:
Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы
6 мм ден калың болсо, кыпчытма гайканы
(шаймансыз) колдонууга болбойт! Мындай
учурда эки бетитме көзөнөктүү кыпчытма
гайканы (12) эки көзөнөккө салынма ачкыч
менен (13) колдонуңуз
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
- Кыпчытма гайканын (15) скобасын жогору
ыргытыңыз.
- Кыпчытма гайканы (14) шпинделге (3)
орнотуңуз. Сүрөттү караңыз, 2-бетте.
- Кыпчытма гайканы (15) саат жебеси боюнча
кол менен бекитиңиз.
- Скобаны кайра (15) жогору ыргытыңыз.
Кыпчытма гайканы (шаймансыз) (14)
бошотуңуз:
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
- Кыпчытма гайканын (15) скобасын жогору
ыргытыңыз.
КЫРГЫЗЧА ky
143

Publicidad

Tabla de contenido
loading

Tabla de contenido