Ky Пайдалануу Боюнча Нускаманын - Metabo STEB 65 Quick Manual Original

Ocultar thumbs Ver también para STEB 65 Quick:
Tabla de contenido

Publicidad

Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 25
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу
декларация
Биз толук жоопкерчилик менен билдиребиз:
Ушул электр лобзиктери идентификациялык
түрү жана сериялык номери боюнча *1)
директивалардын күчүндөгү талаптарынын
баарына *2) жана нормаларына жооп берет *3).
техникалык документтерге *4) – 3-беттен
карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Электр шайманы түстүү металлдарды жана
каңылтыр болотту, жыгач жана ага окшогон
материалдарды, пластмасс жана ага окшогон
материалдарды кесүүгө багытталган. Башка эч
кандай максатта колдонууга жол берилбейт.
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип
чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик
тартат.
Кокустук кырсыктарды болтурбоо үчүн жалпы
кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген
техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды
сактоо керек.
3. Техникалык коопсуздуктун
жалпы эрежелери
Өзүңүздүн сактыгыңыз үчүн жана
электр инструментиңиздин сактыгы
үчүн деп белги коюлган жерлерге
көңүл буруңуз!
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу
коркунучун болтурбоо үчүн пайдалануу
боюнча нускаманы окуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ – Бул электр шайманы менен
кошо келген техникалык коопсуздук
боюнча бардык көрсөтмөлөрдү,
нускамаларды жана спецификацияларды
Нускамалардын баарын
окуп чыгыңыз.
окубагандан электр соккусу, өрт чыгышы жана/
же олуттуу жаракат алуу келип чыгышы мүмкүн.
Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала
берилгендерди жана нускамаларды сактап
койгула.
Электр шайманын сизден сатып алган адамга
ушул документтери менен кошо бериңиз.
4. Техникалык коопсуздук
боюнча өзгөчө эрежелер
Электр зымдарына жакын жерде иштеп
жатканда, шайманды изоляцияланган
жерлеринен гана кармаңыз. Инструменттин
кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу
инструменттин бөлүгү аркылуу электр
инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуу
күч берип, ал электр тогуна урундурушу мүмкүн.
Иштеп жаткан жерде электр, суу жана газ менен
камсыздоо линиялары жок экендигин тактап
алыңыз (мисалы, металл издегич менен).
Даярдалма материалды жакшылап бекитип,
сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы,
чойдурма жабдуулар менен.
Өтө кичине материалдарды кесүүгө аракет
кылбаңыз.
Кесип жатканда багыттоочу панель материалга
тыкыс жатышы керек.
Жумуштан тыныгуу учурунда электр шайманын
өчүрүп, араасы толук токтогуча колуңузда
кармап туруңуз. Араа титиреп жатканда эч
качан арааны материалдан чыгарууга же
электр лобзигин артка жылдырууга аракет
кылбаңыз – болбосо, тээп кетиши мүмкүн.
Араа материалга тийип турганда электр
шайманын күйгүзүп же өчүрбөңүз. Кесип
баштоодон мурун араанын жүрүшү иштөө
ылдамдыгына жеткиче күтө туруңуз.
Материалда турган арааны кайталап
жүргүзгөндө, арааны борборлоштуруп, тиштери
материалга тийбей турганын текшериңиз. Эгер
араа кыпчылып калса, электр лобзигин кайра
жүргүзгөндө араа тээп кетиши мүмкүн.
Колуңузду кесилип жаткан жерге
жакындатпаңыз жана иштеп жаткан араага
тийбеңиз. Материалды астынан кармабаңыз.
Күкүмдөрдү жана ушу сыяктууларды тазалоодо
инструмент өчүрүлгөн абалда гана болсун.
Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө
алдында вилканы розеткадан сууруш керек.
Курч араадан жаракат алуу коркунучу бар.
Иштеп бүткөндөн кийин араа өтө ысык болушу
мүмкүн. Коргоочу мээлей кийиңиз.
Чаңдын чыгышын азайтуу:
ЭСКЕРТҮҮ - Барабандуу, чоюлган
наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу
станокторду колдонгондо, жылмалоодо,
аралоода, көзөөдө жана башка жумуштарда
пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса
кемтик жана репродуктивдүү функциянын
башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар
камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык
заттардын айрым мисалдары:
- коргошундуу боёктон чыккан коргошун,
- кирпичтен, цементтен жана башка тизүү
материалдарынан чыккан минералдуу чаң
жана
- химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан
мышьяк жана хром.
Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч
операторлор мындай жумушту канчалык көп
аткарганына жараша айырмаланат. Бул
химикаттардын таасирин азайтуу үчүн жакшы
аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо
каражаттары, мисалы, микроскоптук
бөлүкчөлөрдү чыпкалоо үчүн атайын иштелип
чыккан чаңдан коргоочу беткаптар менен иштөө
керек.
КЫРГЫЗЧА ky
71

Publicidad

Tabla de contenido
loading

Tabla de contenido