Metabo KS 165 Manual Original página 41

Ocultar thumbs Ver también para KS 165:
Tabla de contenido

Publicidad

Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 9
жана төмөндө берилген туура сактык
чараларын көрүү менен анын алдын алууга
болот.
a) Арааны эки колуңар менен катуу кармап,
артка айланып кетүүгө туруштук берүү үчүн
колуңарды туура койгула. Денеңерди
дисктин эки бетине, бирок миз менен катар
эмес койгула. Артка айланып кетүү араанын
артты көздөй ыргышына алып келиши мүмкүн,
бирок эгерде туура сактык чаралары көрүлсө,
иштеп жаткан адам артка айланып кетүүнүн
күчүн көзөмөлдөй алат.
б) Шаймандын мизи кыпчылып калганда же
тилүү кайсы бир себептерден улам токтоп
калганда, баскычты бошотуп, миз толук
токтоп калгыча арааны материалда
кыймылдатпай кармап тургула. Араанын
диски иштеп жатканда аны токтотууга же
артка тартууга аракет кылбагыла, болбосо
артка айланып кетиши мүмкүн. Араанын
дискинин кыпчылып калуусунун себебин жокко
чыгаруу үчүн туура чараларды көрүү керек.
в) Арааны өчүрүп кайра иштетүүдө, араанын
дискин анын тиштери материалга
кирбегендей кылып койгула. Эгерде араанын
диски кыпчылып калса, арааны кайра
иштеткенде ал өйдө көтөрүлүп же артка
айланып кетиши мүмкүн.
г) Чоң тактайларды араанын дискинин
кыпчылып калышын жана артка айланып
кетүүсүн азайтуу үчүн тиреп койгула. Чоң
тактайлар өз салмагын көтөрө албай, ийилип
кетишет. Тирөөчтөр тактайдын алдынан эки
жагына коюлушу керек, тилүү сызыгынын жана
тактайдын учунун жанына.
д) Мокок же бузулган дисктерди
колдонбогула. Курчутулбаган же туура эмес
салынган миздер ичке тилүүлөрдү пайда кылып,
өтө эле сүрүлүүгө, миздин кыпчылышына жана
артка айланып кетүүгө алып келет.
е) Жыгачты тилүүгө чейин миздин тереңдиги
жана тууралоочу блоктировка бурамалары
тыгыз жана бекем болушу керек. Эгерде
тилүү учурунда дисктин тууралоосу жылышып
кетсе, ал кыпчылып калууга же артка айланып
кетүүгө алып келиши мүмкүн.
ж) Дубалдардагы нерселерди же башка
көрүнбөгөн жерлерде тилүүдө өтө этият
болгула. Чыгып турган диск бир нерселерди
тилип кетип, артка айланып кетиши мүмкүн.
4.3
Алдыңкы каптоочтун кызматы
a) Ар бир колдонууга чейин алдыңкы
каптоочтун жакшы жабылганын текшергиле.
Эгерде алдыңкы каптооч жакшы
кыймылдабай, дароо жабылып калса,
арааны иштетпегиле. Алдыңкы каптоочту
ачык абалда басып же байлабагыла. Эгерде
араа капыстан түшүп кетсе, алдыңкы каптооч
ийилип кетиши мүмкүн. Алдыңкы каптоочту
кармагыч менен көтөрүп, (5) ал эркин
кыймылдап, араанын мизине же башка
бөлүгүнө тилүүнүн бардык бурчунан жана
тереңдигинен тийбей турганына ынангыла.
б) Алдыңкы каптоочтун пружинасынын
иштешин текшергиле. Эгерде каптооч жана
пружина туура эмес иштеп жатса, алар
колдонууга чейин оңдолушу керек. Алдыңкы
каптооч бузулган бөлүктөрдүн, жабышчаак
катмарлардын же майда нерселердин топтолуп
калышынан улам жай иштеп калышы мүмкүн.
в) Алдыңкы каптоочту "терең тилүү" же
"татаал тилүүлөр" сыяктуу өзгөчө
тилүүлөрдү кылууда гана кол менен алып
салууга болот. Алдыңкы каптоочту
кармагыч менне көтөрүп, араанын мизи
материалга киргенде, алдыңкы каптооч
бошотулушу керек. Башка бардык тилүүлөрдө
алдыңкы каптооч автоматикалык түрдө иштеши
керек.
г) Арааны отургучка же полго коердун
алдында алдыңкы каптооч мизди жаап
турушун дайыма көзөмөлдөп тургула.
Корголбогон, күү менен иштеп жаткан диск
арааны артка жылууга түртүп, алдындагы
бардык нерсени тилип кете берет. Токтотуу
баскычы басылгандан кийин араанын мизи
канча убакыттан кийин токтоорун билгиле.
4.4
Коопсуздук боюнча кошумча
көрсөтмөлөр
Чарыкчы дисктерди колдонбогула.
Туураалоо же оңдоо иштери жүрүп жатканда
араанын вилкасын розеткадан сууруп койгула.
Айланып жаткан шаймандан колуңарды алыс
кармагыла! Таарындыларды же башка
материалды шайман толук токтогондон кийин
алгыла.
Ылайыктуу, чаңдан коргоочу маска
тагынгыла.
Кулакты коргоочу атайын каражаттарды
кийгиле.
Коргоочу көз айнек тагынгыла.
Шпинделди блокко түшүрүүчү баскычты (3)
мотор толук токтогондон кийин баскыла.
Араанын дискинин айланышынын ылдамдыгын
капталдарын баскылоо аркылуу азайтпагыла.
Алдыңкы каптооч тилүү үчүн артка тартылган
абалда кысылбашы керек.
Алдыңкы каптооч эркин, автоматикалык түрдө,
жеңил жана өзүнүн мурунку абалына так кайтуу
менен кыймылдап турушу керек.
Чаңды көп чыгарган материалдарды тилүүдө,
шайман маал-маалы менен тазаланып турушу
керек. Коопсуздук орнотмолор, мисалы
алдыңкы каптооч, кемчиликсиз иштеген абалда
болушун камсыз кылгыла.
Чаң же ден соолукка зыян болгон буулар
(мисалы асбест) иштетилбеши керек.
KYRGYZ ky
41

Publicidad

Tabla de contenido
loading

Este manual también es adecuado para:

Ks 190

Tabla de contenido