Metabo KS 165 Manual Original página 43

Ocultar thumbs Ver también para KS 165:
Tabla de contenido

Publicidad

Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 9
24 Алты бурчтуу бурама үчүн ящик
25 Түтүктүн чоргосу
26 Түтүк үчүн бурама
6. Алгачкы иштетүү, Орнотуу
Колдонуп баштоого чейин номиналдуу
чыңалуу жана ылдамдык силердин ток
булагыңарга дал келерин текшергиле.
Дайыма жогорку ток агымы 30 мА болгон
ДТТ орноткула.
Туураалоо же оңдоо иштери жүрүп
жатканда араанын вилкасын розеткадан
сууруп койгула.
Ток өчүргүч
Ток өчүргүч өчүк экенин көзөмөлдөп тургула.
Эгерде ток өчүргүч күйүп турган абалда вилка
розеткага туташып турган болсо, электр
шайманы дароо иштеп баштап, олуттуу
кырсыкка жеткириши мүмкүн.
Узарткыч
Иштөөчү жай токтон алысыраак болсо,
номиналдык кубаттуулугу менен жана жетиштүү
түрдө жоон узарткычты колдонгула. Узарткыч
мүмкүн болушунча кыскартылып колдонулуш
керек.
Жыгач устун даярдап алгыла
Араанын диски тилинүүчү материалдын
ылдыйкы бөлүгүнөн ашып тургандыктан,
материалды тилүүдө атайын устунга коюп
алгыла. Эгерде устун катары төрт бурчтуу
нерсе колдонулса, ал туура орнотулуш үчүн түз
жерди тандагыла. Туруксуз устун кооптуу
иштөөгө алып келет.
Кырсыктын алдын алуу үчүн тилүүдөн
киийн калган материалдын бөлүгүн бекем
коюлганын камсыздоо керек.
Араа дискин (11) бекитүү жана чечүү үчүн
колдонулган алты бурчтуу бурама (9) туткага
салып койсо болот (24) (Сүрөт G).
6.1
Тилүүнүн тереңдигин орнотуу
Тилүүнүн тереңдигин тактанын рычагын (A) (8)
(сүрөт B) бошоткондон кийин аны жылдыруу
аркылуу туураласа болот.
Эгерде бул рычаг (A) (8) бош бойдон калса,
өтө кооптуу абал жаратат. Аны дайыма
жакшылап бекиткиле.
6.2
Кыйшаюунун бурчун тууралоо
Алдыңкы шкаладагы (15) кулактуу бураманы
(14) бошотуу менен, араа дискин (11) тактага
(сүрөт C) каршы максимум 45° бурчка койсо
болот.
Кулактуу бураманы бош (16) калтыруу
абдан кооптуу. Аны дайыма жакшылап
бекиткиле.
6.3
Өткөрүү рычагын тууралоо
Тилүү ордун кулактуу бураманы (16) бошотуп,
тактаны (7) жылдыруу аркылуу туураласа болот
(сүрөт С). Тактаны сол же оң капталга көтөрүп
койсо болот.
Тилүүнүн тереңдигин араанын дискиндеги ар
бир тишинин жарымы гана көрүнүп тургандай
кылып коюу жакшыраак. 2-беттеги сүрөттү
карагыла.
6.4
Таарынды чыгаруучу түтүктү орнотуу
Араанын корпусундагы таарынды чыгаруучу
түтүктүн (6) учундагы чоргону (25) таккыла
(сүрөт G). Таарынды чыгаруучу түтүктү араанын
корпусуна берилген бурама (26) менен
бекиткиле.
Таарындыларды чыгаруу
Таарындыларды чыгаруу үчүн шайманга
соруучу шлангы бар ылайыктуу түтүктү
туташтыргыла.
7. Колдонуу
7.1
Күйгүзүү жана өчүрүү
Күйгүзүү: Блокировка баскычын (3) басып
кармап тургула, анан гашетканы баскыла (2).
Өчүрүү: Блокировка баскычын (3) жана
гашетканы (2) кое бергиле.
7.2
Иштөө көрсөтмөлөрү
Желе кабелин тилүү тоскоолдуксуз ишке
ашкандай кылып жайгаштыргыла.
Тактаны (7) материалдын үстүнө коюп, тилүү
сызыгын алдыңкы шкаладагы (15) араа диски
менен бирдей кылып түздөгүлө.
Араанын диски материалга тийгиче гашетканы
(2) күйгүзгүлө.
Коопсуздук чаралары
Тилүүгө чейин силер тиле турган материалды
кылдат карап чыккыла. Эгерде тилине турган
материал зыяндуу чаңды чыгара турган болсо,
чаң үчүн атайын кап же ылайыктуу чаң
чыгаруучу система туташтырылганын камсыз
кылгыла. Ага кошумча чаң үчүн маска
тагынгыла.
Иштеп бүткөндөн кийин, вилканы розеткадан
сууруп таштагыла.
Араа диски тилине турган материалга
тийип турганда шайманды күйгүзүп же
өчүрбөгүлө.
Тилип баштаганга чейин араа диски толук
ылдамдыкка жеткенге чейин күтүп тургула.
Циркулярдык кол араасы кошулганда, алдыңкы
каптооч материал менен артка ыргытылат.
Тилип жатканда шайманды араа диски
айланып жатканда материалдан албагыла.
Араа диски толук токтогуча күтүп тургула.
Эгерде араа диски жабылып калса,
машинканы дароо өчүргүлө.
KYRGYZ ky
43

Publicidad

Tabla de contenido
loading

Este manual también es adecuado para:

Ks 190

Tabla de contenido