Metabo KS 165 Manual Original página 42

Ocultar thumbs Ver también para KS 165:
Tabla de contenido

Publicidad

Idiomas disponibles
  • ES

Idiomas disponibles

  • ESPAÑOL, página 9
ky
KYRGYZ
Тилинүүгө даяр жыгачта жат нерселер жок
экенин текшергиле. Иштеп жатканда тырмактар
же башка ага окшош нерселер кошо тилинип
кетпешин көзөмөлдөп тургула.
Эгерде араанын миздери жабылып калса,
моторду дароо өчүргүлө.
Майда жыгачтарды тилүүгө аракет кылбагыла.
Иштелип жатканда тилинип жаткан жыгач бекем
тирелип, жылып кетпеш үчүн бекем болушу
керек.
Тилинип жаткан материалга ылайыктуу араа
мизин колдонгула.
Жабышчаак нерсе же клей менен булганып
калган араа миздерин тазалагыла. Булганган
араа миздери ашыкча сүрүлүүгө, араа мизинин
кыпчылып калышына жана артка айланып
кетүүгө алып келет.
Араанын тиштеринин учтарынын өтө ысып
кетишине жол бербегиле. Желим
нерселерди тилүүдө материалдын эрип
кетишине жол бербегиле. Тилинип жаткан
материалга ылайыктуу араа мизин колдонгула.
Тез кесүүчү болоттон жасалган араа миздерин
колдонбогула.
Бул көрсөтмөлөрдө көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөр
менен дал келбеген араа миздерин
колдонбогула.
Төмөнкү каптоочу ачык абалда бекилген
циркулярдык арааны колдонбогула.
Төмөнкү каптоочу ачык абалда бекилген
циркулярдык арааны колдонбогула.
Мизи өйдө же капталга кайрылган циркулярдык
арааны колдонбогула.
KS 165 үлгүсүндөгү араа үчүн араа миздеринин
көлөмү 160тан 165 мм чейин болушу керек.
KS 190 үлгүсүндөгү араа үчүн араа миздеринин
көлөмү 184төн 190 мм. чейин болушу керек.
Чаңдын чыгышын азайтуу:
КӨҢҮЛ БУРГУЛА - Чарыктоо, тилүү,
бургулоо, майдалоо жана башка куруу иш-
аракеттеринен улам чыккан кээ бир чаңдарда
ракка, тубаса кемчиликтерге же башка тукум
улоочу зыянга алып келген химикаттар бар. Бул
химикаттардын кээ бир мисалдары
төмөндөгүдөй:
- Коргошун боекторундагы коргошун,
- Кирпичтеги, цементтеги же башка таштан
жасалган өнүмдөрдөгү криссталдуу
кремнезем жана
- Химиялык иштеп чыгуудан өткөн араланган
жыгачтардагы мышьяк жана хром.
Бул зыяндарга силердин дуушар болуу
коркунучуңар мындай ишти канчалык көп
кылууңардан көз каранды болуу менен, ар
кандай болот. Мындай химикаттардын зыянына
учуроону азайтуу үчүн: жакшы желдетилген
жерлерде жана тастыкталган коопсуздук
жабдуулары менен иштегиле, мисалы
микроскоптук бөлүкчөлөрдү фильтрлеп турган
атайын жасалган чаңга каршы маскалар.
42
Бул ошондой эле жыгачтын кээ бир түрлөрү
(эмен же бук чаңы), металл, асбест сыяктуу
башка материалдардан чыккан чаңга дагы
тиешелүү. Башка белгилүү оорулар –
аллергиялык реакциялар, дем алуу
органдарынын оорулары. Чаңдын денеге кирип
кетүүсүнө жол бербегиле.
Материалга, иштеген топко, колдонууга жана
колдонуу жайларына тиешелүү көрсөтмөлөрдү
жана улуттук эрежелерди так сактагыла
(мисалы эмгек гигиенасы жана техникалык
коопсуздук эрежелери).
Иштеген жерде чогулган калдыктарды
чогулткула, айланадагы аймактарга
таштабагыла.
Атайын иштер үчүн ылайыкталган
жабдууларды колдонгула. Мындай кылууда,
айлана-чөйрөгө азыраак бөлүкчөлөр чыгат.
Атайын соруп алуучу блокту колдонгула.
Чаңдын зыянын төмөнкү чаралар менен
азайткыла:
- Учуп жаткан бөлүкчөлөрдү жана тартып
чыгаруучу аба агымын өзүңөргө же
жаныңардагы адамдарга же чогулган чаңды
көздөй багыттабагыла.
- аба тазалагычтарды жана атайын
соргучтарды колдонгула.
- иштеген жериңерди жакшылап желдетип
тургула жана чаң соргуч менне тазалап
тургула. Шыпыруу же үйлөө чаңды көтөрөт.
- Коргоочу кийимдерди чаң соргуч менен
тазалап же жуугула. Коргоочу жабдыктарды
үйлөп, уруп же щетка менен тазалабагыла.
5. Обзор
2-бетти карагыла.
1 Желдетүүчү тешиктер
2 Гашетка
3 Кулпулоо баскычы
4 Кошумча тутка
5 Тутка
6 Таарынды чыгаруучу түтүк
7 Такта
8 Рычаг (A)
9 Алты бурчтуу ачкыч
10 Параллелдик тирөөч
11 Араанын диски
12 Алдыңкы коопсуздук каптооч (калканыч)
13 Алдыңкы каптооч рычагы
14 Параллелдик тирөөч үчүн кулактуу бурама
15 Алдыңкы шкаладагы тилүү орду (максимум
45°)
16 Тилүү ордунун кулактуу бурамасы
(максимум 45°)
17 Тилүү орду
18 Алты бурчтуу болт
19 Блокировка рычагы
20 Шайба (Б)
21 Шайба (А)
22 Шпиндель
23 Жылгалуу орнотуучу бурама

Publicidad

Tabla de contenido
loading

Este manual también es adecuado para:

Ks 190

Tabla de contenido